Жарыяланган 07/11/2019
«Инфоком» мамлекеттик ишканасы тарабынан «InfoDocs» электрондук документ жүгүртүү тутуму иштелип чыгарылып жана колдонууга киргизилген, ал ушул тапта Кыргыз Республикасынын 55 мамлекеттик органында иштеп жатат

«Инфоком» мамлекеттик ишканасы тарабынан «InfoDocs» электрондук документ жүгүртүү тутуму иштелип чыгарылып жана колдонууга киргизилген, ал ушул тапта Кыргыз Республикасынын 55 мамлекеттик органында иштеп жатат.

ЭДТны ишке киргизүү боюнча иштер өлкөнү санариптештирүүнүн алкактарында жүзөгө ашырылууда жана Кыргыз Республикасынын маморгандарында документ жүгүртүү технологиясын өнүктүрүүгө, аларды аткаруу мөөнөттөрүн кыскартууга, ведомстволор аралык өз ара аракеттенишүүнү жөнөкөйлөштүрүүгө, ошондой эле аларды ташып жеткирүүгө жана чыгашалануучу материалдарга карата чыгымдарды кыскартууга багытталган.

Негизги модулдар автоматтык түрдө буйруктар, тескемелер, кириш жана чыгыш документтер боюнча электрондук база түзүүгө мүмкүндүк беришет. Жетекчи кол алдындагылардын чектелбеген санына тапшырмаларды ар түрдүү контролдоочу күндөрү, резолюциялары менен түзө, ошондой эле алардын аткарылышын контролдой алат. Колдонуучу бир маалда эле бир нече тапшырмалар менен иш алып бара алат. Ар бир документ үчүн автоматтык түрдө номер ыйгарылып, бардык кагаз жүзүндө алып жүрүүчүлөр сканерленишет. Электрондук отчетторду жана архивдерди түзүү мүмкүндүгү бар.

ТУтумга кирүү уруксаты жана документтерге кол коюу колдонуучунун электрондук санариптик колтамгасы аркылуу же «e-Kyzmat» кадрларды электрондук эсепке алуу тутуму аркылуу жүзөгө ашырылат.

Электрондук документ жүгүртүү тутуму эки тилде: кыргыз жана орус тилдеринде жеткиликтүү.

Мамлекеттик органдардын кызматкерлерин ЭДТга окутуу жана тутумду ишке киргизүү боюнча иштер улантылып жатат.