Жарыяланган 05/11/2019

"Санарип Кыргызстан 2019-2023" санариптик трансформациялоо Концепциясын ишке ашыруунун алкагында Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан уюштурулган маалымат алмашуу тутуму аркылуу  17 мамлекеттик органдардан "Түндүк" электрондук системасы аркылуу 2,5 млн. суроо түшкөн.

"Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүүшуу тутуму системасы маалымат базаларын актуалдаштырууга, мамлекеттик кызмат көрсөтүү процесстерин автоматташтырууга жана оптималдаштырууга мүмкүндүк берет, ар кандай маалыматтарды автотолтуруу киргизип, кол менен  киргизүүнү жокко чыгарып, муну менен жарандар тарабынан кызмат көрсөтүүлөрдү алуу процессин жөнөкөйлөштурөт.

Статистика көрсөтүп тургандай, суроо-талаптардын максималдуу саны Милдеттүү медициналык камсыздандыруу Фондунан келип түшкөн.