Жарыяланган 24/09/2019
«Инфоком» МИде 23-сентябрь - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүн майрамдоонун урматына карата иш-чаралар өткөрүлүштү.

Иш-чаранын алкагында ведомство алдындагы түзүлүштөрдүн (Бишкек ш. үч КТБсы, 119 Колл-борбору, Мамлекеттик номер белгилерин даярдоо борбору, Мамлекеттик персонификациялоо борбору) кызматкерлеринин арасында сынак өткөрүлдү. Кыргыз жазуучусунун чыгармасынан алынган үзүндүдөн, кыргыз эл жомокторунан алынган кереметтүү театралдаштырылган инсценировкалар даярдалган. Жеңүүчүлөргө белектер берилди.

Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгынын урматына Инфокомдун борбордук аппаратынын жана ведомство алдындагы түзүлүштөрүнүн кызматкерлери «Кыргыз жылкысы - улут байлыгы» темасына арналган жат жазууга катышышты. Жат жазуудан мыкты бааларды алган кызматкерлер ыраазычылык каттарына ээ болушту. Иш-чаралардын негизги максаты болуп «Инфоком» МИнин иш алып баруусунда мамлекеттик тилди популярлаштыруу жана жайылтуу эсептелет.

КТБлардын конокторунун катышуусу менен, Мамлекеттик тил күнүн жана Комуз күнүн майрамдоонун урматына арналган иш-чаралар бүткүл өлкө боюнча Калкты тейлөө борборлорунда өткөрүлүштү. Кызматкерлер белгилүү кыргыз акындарынын чыгармаларынан үзүндүлөрдү окуп, флэш-мобго катышууга чакырылышкан мектеп окуучулар комуздарда кол ойнотуп, ырдап жана бийлеп, ошол күндөрү келишкен кызматтардан колдонуучулардын көңүлүн көтөрүштү.