Жарыяланган 13/09/2019
Комуз жана Кыргыз Тил кунунө карата иш чааралар өттү

Республика боюнча жайгашкан баардык КТБ Комуз жана Кыргыз Тил күнүнө карата иш чааралар болуп өттү. Аталган иш чараларды КТБ келген жарандар менен чогуу өткөрүп, залкар акындар А.Осмонов, Б.Сарногоев, Э.Ибраев жана башка акындардын чыгармаларын көркөм окушту. Залкар комузчулар К.Орозов, А.Огонбаев, Ы.Туманов, Р.Жумабаевдин күүлөрүн жаш муундун өкулдөру ойноп беришти.