Жарыяланган 06/08/2019
МКК: Мамномерлердин онлайн аукциондору сайтында 3 млн. сомдон ашуун суммага 800 өзгөчө комбинациялар сатылган

«Санарип Кыргызстан» санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруунун алкактарында өзгөчө көңүл мамсектордогу кызматтардын IT-инфраструктурасын өнүктүрүүгө бурулууда.

Көрсөткүчтөрдүн бири болуп сандардын өзгөчө комбинациясы менен мамлекеттик каттоо номерин сатып алууну каалаган авто ээлеринин теңдеш мүмкүндүктөрү эсептелет. Бул үчүн аукциондордун онлайн сайты http://nomer.srs.kg иш алып барат, ал аркылуу МККга караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасы тарабынан үч миллион сомдон ашуун суммага аукциондук номерлерге карата сегиз жүздөн ашуун сертификаттар сатылган.

Сайт ар бир каалоочуга айкын убакыт ыргагында катышууга мүмкүндүк берет, мында процессти автоматташтыруу «крутой» номерлерди сатуу учурунда ортомчулукту жана коррупциялык көрүнүштөрдү чыгарып салууга мүмкүндүк берет.

Онлайн аукционго катышуу үчүн онлайн аукциондор сайтында http://nomer.srs.kg катталуу, сандардын кааланган комбинациясын тандоо, билдирме берүү, старттын баасынан 10 пайызды киргизүү зарыл болот. Кепилденген салым утулуп калган катышуучуларга аукционду өткөрүп берүүдөн кийин кайтарылат жана «шектүү» катышуучулар деп аталуучулардын болушун чектейт.

Катышуучу аукциондун башталгандыгы тууралуу смс-билдирүү алат, сатуулар онлайн редимде өткөрүлүшөт. Ар бир кадам тутум тарабынан аныкталган, б.а. эгерде акыркы ставкану 5 мүнөттүн ичинде бузбай турушкан болсо, анда ал уткан катары эсептелет.

Аукциондук номерлерди сатуудан алынуучу кирешелер 91 пайыз өлчөмүндө республикалык бюджетке которулууга тийиш болушат.