Жарыяланган 31/05/2019
Балдарды коргоо күнү: үй-интернаттын 36 тарбиялануучусу өздөрүнүн алгачкы паспортторун акысыз алышты

МККга караштуу «Инфоком» МИсинин мобилдик КТБсынын көчмө тобу балдарды коргоо күнүнүн алдында 16 жаш курагына толгон жаш кыргызстандыктарга паспорт алууда көмөк көрсөттү.

Өздөрүнүн башкы документин Тоголок Молдо атындагы №71 орто билим берүүчү мектеп-интернатынын 27 окуучусу ала алышты.

Ошондой эле, Беловодск балдар психоневрологиялык үй-интернатынын 10 тарбиялануучусу документтештирилишти, ал эми өткөн жылы 22 бала паспорт алышкан эле.

2018-жылдын июлунан тартып  МТБнын географиялык камтуусу бүткүл республикага БУУӨПтүн көмөгү алдында Япония Өкмөтүнүн техникалык жардамынан улам кеңейтилген. МККга 16 микроавтобус өткөрүп берилген. Алар мобилдик Калкты тейлөө борборлоруна кайра жабдылып чыгышкан. Бүгүнкү күнгө карата алар областтарга бөлүнүп, жер-жерлерде каттоо кызматтарын сунушташууда. Мобилдик КТБлар паспортка карата документтерди тариздетүү үчүн зарыл болуучу техникалык жабдуулар менен жабдылышкан, касса аппараты, фото жана ксерокөчүрмөсү бар. Бардыгы болуп  жарандардын жеңилдик берилген категорияларына 2481 ирет акысыз баруу жүзөгө ашырылган.