Жарыяланган 20/05/2019
«Инфоком» МИнин акыркы беш жылдагы жетишкендиктери – маанилүү фактылар гана

"Инфоком" мамлекеттик ишканасы – Кыргызстандагы алдыңкы IT-компания, 2007-жылы уюштурулган, 2009-жылдан тартып КРӨгө караштуу МККнын алдына өткөрүлүп берилген.

2014-2019-жж.мамлекеттик масштабдагы IT-долбоорлорду активдүү ишке ашыруу

  • бардык каттоо кызматтарын автоматташтыруу, Кыргыз Республикасынын Калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин (КБМР) түзүү;
  • өлкөдө алгачкы жолу сандардын өзгөчө комбинация менен номерлерине карата сертификаттарды сатып өткөрүү боюнча онлайн аукцион кызматы ишке ашырылган;
  • 2017-жыл – ачык жеткиликтүүлүктө болгон portal.srs.kg, Электрондук кызматтар порталы иштелип чыгарылган. Порталда электрондук түрдө алуу үчүн  27 кызмат жеткиликтүү.

Кыргызстанда алгачкы жолу жарандардын биометрикалык малыматтарын колдонуу менен шайлоолор өткөрүлүшкөн

  • 2015-жылдын 04-октябры – Кыргыз Республикасынын калкынын реестринде калыптандырылган маалыматтардын негизинде жарандарды идентификациялоонун биометрикалык технологияларын колдону уменен парламенттик шайлоолор;

Жаңы форматтагы Калкты тейлөө борборлору

  • бүткүл республика боюнча 17 ири жана үч кичи КТБлар ачылган жана иш алып барышууда;
  • мини КТБларда жарандар паспорт алууга карата документтерин дем алыш күндөрү дагы (ишемби, жекшемби) тапшыра алышат.

Мамкызматтардын алыс жайгашкан калктуу пункттардагы жеткиликтүүлүгү

  • өлкөнүн алыскы аймактарындагы калкка каттоо кызматтарын көрсөтүү боюнча 363 маалымат күркөсү уюштурулган;
  • 16 мобилдүү КТБлар (атайын микроавтобустар) иш алып барышууда, алардын максаты болуп калктын аярлуу катмарларына, анын ичинде алыс жайгашкан калктуу пункттарда жашагандарга баруу эсептелет.

Өздүк мамлекеттик номер белгилерин чыгаруу

  •  2016-жыл – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан «Инфоком» МИсине мамлекеттик номер белгилерин даярдоого ыйгарым укуктар берилген, бул алардын баасын бир топ төмөндөтүүгө мүмкүндүк берген.

Улуттук паспортторду өндүрүү

  • май, 2017-жыл – жаңы муундагы паспортторду – Кыргыз Республикасынын жарандарынын электрондук идентификациялык карталарын ишке киргизүү боюнча долбоор башталган. еID-карта жеке жана биометрикалык маалыматтарды жазуу үчүн кошо орнотулган чипти пайдалануу менен коргоо элементтерине ээ.

Мамбюджетке которуулар

  •  “Инфоком” МИси тарабынан мамлекеттин бюджетине салыктар жана социалдык чегерүүлөр түрүндө төлөнгөн жалпы сумма 577 409 101,04 сомду түзүп турат.

Ишке ашырылган IT-долбоорлор

- «Инфоком» МИде элүү үч IT-долбоорлорун ишке ашыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

2014-жылдын 12-майында премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин тескемеси менен Талант Абдуллаев "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалган.