Жарыяланган 16/05/2019
19-майда беш областта жергиликтүү кеңештерге шайлоолор өткөрүлүшөт. Шайлоочулардын такталган тизмеси БШКга берилди.

Үстүбүздөгү жылдын 19-майында беш: Ош, Баткен, Нарын, Талас жана Чүй областтарынын тогуз районунун кырк беш шайлоо участокторунда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолор өткөрүлмөкчү. Шайлоочулардын тизмелери түзүлүп, Борбордук шайлоо комиссиясына берилди.

«Инфоком» мамлекеттик ишканасы тарабынан шайлоочуларды идентификациялоо үчүн 107 комплект жабдуулар жана 177 оператор даярдалышкан. Такталган тизмелер боюнча шайлоочулардын жалпы саны 54782 жарандан турат.

Жарандардын ыңгайлуулуктары үчүн «119» колл-борборунан добуш берүү үчүн участогун тактап алууга, ошондой эле өзүн шайлоочулардын тизмелеринен текшерүүгө мүмкүн болот.

Эскерте кетсек, МКК шайлоочулардын тизмелерин түзүү боюнча ыйгарым укуктуу орган жана 2015-жылдан тартып биометрикалык маалыматтарды топтоо жана идентификациялоо процессинин техникалык оператор болуп саналат.