Жарыяланган 05/03/2019
Республиканын КТБларында Туу жана «Ак калпак» күнүн майрамдашууда

Жыл сайын «Инфоком» Миси жана анын структуралык түзүмдөрү  Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Желегинин жана улуттук баш кийим болгон ак калпактын Күндөрүнүн урматына майрамдык иш-чараларды өткөрүшөт. Бул милдеттүү салтка айланып, 8 жылдан бери майрамдалып келе жатат.

Бүгүн борбордук аппаратта жана өлкөбүздүн 17 ири КТБларында жумуш күнүн Кыргыз Республикасынын Гимни менен башташты, кызматкерлер жумуш формаларын этностилдеги костюмдарга алмаштырышты.

Улуттук майрамдардын урматына ишкананын жетекчилиги паспорт алууга келген жарандарга ак калпак белек кылууну чечти.

Иш-чарага конок катары ак калпакты даярдоо процессин көрсөтүп, маек куруп берген кол өнөрчү, уз Аида Шерматова чакырылды.