Жарыяланган 25/01/2019
Жетектөөчү кызматтарга карата кадрлар резервине конкурстук тандоо «Инфоком» МИ тарабынан иштелип чыккан тутумдун базасында жүргүзүлүүдө

«Инфоком» МИ тарабынан иштелип чыккан «Тестирлөө» автоматташтырылган тутумунун базасында, КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду директорлор кеңешине жана ревизиялык комиссияларга катышуунун мамлекеттик үлүшү менен болгон ААК/ЖАКтардагы жетектөөчү кызмат орундарына карата кадрлар резервин онлайнт тестирлөөнү өткөрүүдө.
«Тестирлөө» АМТсы тестирлөөнүн катышуучуларынын кесиптик даярдыгынын, квалификациясынын деңгээлине, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүүсүнө объективдүү жана ачык-айкын баа берүү үчүн иштелип чыгарылган. Мамлекеттик кызматкерлерди аттестациялоону жана бош турган административдик кызмат орундарына карата конкурстук тандоону өткөрүү үчүн колдонулат.
Ошондой эле, тутум «Инфокомдун» жана Калкты тейлөө борборлорунун кызматкерлерин квартал сайын тесттен өткөрүүдө колдонулуп келе жатат.